• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Юстиция министри БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын БАдагы аймактык өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда юстиция министри Асел Чынбаева Юстиция министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ КЖКБ) Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту.

Чынбаева Шоддер мырзаны кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, КР Юстиция министрлиги менен БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыктын улантыларына ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, качкындардын жана башпаанек издеген адамдардын укуктарын коргоо жана жарандыгы жок адамдарды мындан ары кыскартуу боюнча Юстиция министрлиги менен БУУ КЖКБнын мындан аркы кызматташтыгы жана өз ара аракеттенүү багыттары талкууланды.

Юстиция министри Чынбаева БУУ КЖКБга жогорудагы маселелер боюнча көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Шоддер мырза кызматташтыктын учурдагы деңгээлин жогору баалады жана БУУ КЖКБ мындан ары дагы Кыргыз Республикасына жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Шоддер мырза Юстиция министрин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жемиштүү кызматташууга жана мындан аркы жардамга даяр экендигин белгилеп, ошондой эле адилеттик органдарын кайра түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге ийгилик жана жетишкендик каалады.

Пикир

Оставить комментарий