• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Юстиция министри менен БУУӨПтүн өкүлү кызматташуу маселелерин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелинде, юстиция министри Асель Чынбаева менен Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, юстиция министри Луиза Чемберленге юстиция органдарын өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгы үчүн, ошондой эле «Тилектештик автобусу» долбоорун ишке ашыруу алкагында калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү иш-чараларын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өкүлчүлүгүнүн башчысы БУУӨПнын иши, атап айтканда, Туруктуу Өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү, калктын укуктук маданиятын жогорулатуу, укуктук маалыматка жетүү, ошондой эле калктын аярлуу катмары, айрыкча майыптыгы бар аялдар жана адамдар үчүн укуктук адилеттүүлүккө жетүүсүн жакшыртуу маселери боюнча Юстиция министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын өз ара аракеттенүү багыттары жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Юстиция министри алдыдагы мыйзамдарды толук масштабдуу инвентаризациялоо жөнүндө кеңири маалымат берди.

Л. Чемберлен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ар кандай багыттарды кызматташтыкта жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Асель Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, КР Юстиция министрлиги менен БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыктын уланаарына ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий