• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Юстиция министри менен Венгриянын элчиси кызматташуу маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Асел Чынбаева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Юстиция министри Ш. Дорогиге көңүл бурганы жана визити үчүн ыраазылык билдирди.

Асель Чынбаева Венгиянын элчисине Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 Жарлыгына ылайык, мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Ш. Дороги Венгрияда жаңы Конституция кабыл алынгандыктан, Венгриянын мыйзамдарын да жаңы Конституцияга ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүн айтып берди.

Элчи Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу маселесин караштырууну сунуштады.

А. Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазылыгын айтты жана эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий