• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Юстиция министринин орун басары ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жөнүндө

Коом 0

Юстиция министринин орун басары Кынатбек Сманалиев ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча маек курду.

- Кынатбек Мойнокович мыйзамдарды инвентаризациялоонун максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берсеңиз?

- КР президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 “КР мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында өкмөттүн буйругу кабыл алынган, ага ылайык ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлгөн.

Ведомстволор аралык эксперттик топтун курамына КР Жогорку Кеңешинин, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер киришкен.

Ведомстволор аралык эксперттик топко төмөнкүлөр тапшырылган:

- укук тармактары боюнча Кыргыз Республикасынын кабыл алынган концепцияларынын, стратегияларынын, программаларынын жана мыйзамдарынын КР Конституциясына, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүүсүнө инвентаризация жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча аныкталган шайкешсиздиктерди жоюуга, КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чектелишине жол бербөөгө багытталган сунуштарды киргизүү;

- мыйзам күчүнө киргенден алты ай өткөндөн кийин үч айлык мөөнөттө бардык мыйзамдардын (конституциялык мыйзамдардан, кодекстерден жана эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардан тышкары) колдонулушун токтотууну караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана КР өкмөтүнүн аппаратына белгиленген тартипте киргизүү;

- мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча өз ишинин алкагында мамлекеттик органдардын пикирлерин эске алуу менен алты айлык мөөнөттө ушул пунктта көрсөтүлгөн критерийлерге жооп берүүчү, ошондой эле укуктук вакуумду алып салуучу жаңы мыйзамдарды кабыл алуу жана алардын күчүнө кирүүсү тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу;

- жаңы редакциядагы, анын ичинде мыйзамдардын жана алардын алкагында кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушун токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин (“гильотина” принциби боюнча) караштырган “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу;

- ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин камсыз кылуу жана аны кеңири чагылдыруу боюнча чараларды көрүү;

- ведомстволор аралык эксперттик топтун иш регламентин, мыйзамдарды инвентаризациялоо критерийлерин жана иш-чаралар планын бекитүү.

- Эмне үчүн жаңы Конституция кабыл алынганга чейин ишке киргизилди?

- Президенттин жарлыгы менен өкмөткө 2021-жылдын 31-декабрына чейин КР Конституциясына, социалдык адилеттүүлүк жана өнөктөштүк, зарылдык, максатка ылайыктуулук жана натыйжалуулук, предметти жөнгө салуунун жетиштүүлүгү, укуктагы ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, боштуктарды жоюу принциптерине шайкеш келүү укук тармактары боюнча мыйзамдарга толук инвентаризация жүргүзүү, анын жыйынтыгы боюнча табылган шайкешсиздиктерди жоюуга, КР өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын чектөөгө жол бербөөгө багытталган сунуштарды киргизүү үчүн сунуштама берилген.

Ушуга байланыштуу, биринчиден, жаңы Конституция кабыл алынгандыгына же кабыл алынбагандыгына карабастан, инвентаризациялоо боюнча иш жүргүзүлөт.

Экинчиден, азыр аталган багытта уюштуруу иши башталган, ведомстволор аралык эксперттик топтун иш регламенти, инвентаризациялоо критерийлери, укук тармактары боюнча топчолорго эксперттерди тандоо ж.б. маселелер иштелип чыгууда.

- Ведомстволор аралык эксперттик топтун ишин кандай уюштуруу сунушталууда?

- Инвентаризациялоого сунушталып жаткан мыйзамдар ар кандай укук тармактарына таандык болгондуктан, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын жетекчилери башчылык кылган 6 эксперттик топтун курамы аныкталган.

Андан аркы иштерди төмөнкү жолдор менен улантуу сунуш кылынат:

Көрсөтүлгөн талапкерлердин негизинде өкмөттүк эмес органдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрүн кошуп, Юстиция министрлигинин буйругу менен топчолорду бекитүү.

Андан кийин бекитилген мыйзамдарды түздөн-түз инвентаризациялоо жана тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга киришүү.

- Азыркы учурда аталган багытта кандай иштер жасалган?

- 2021-жылдын 18-мартында Ведомстволор аралык эксперттик топтун биринчи отуруму КР биринчи вице-премьер-министри Улукбек Карымшаковдун төрагалыгы астында өткөрүлгөн.

2021-жылдын 18-мартында ВЭТнын биринчи отурумунда төмөнкүдөй чечим кабыл алынган:

1. ВЭТнын иш регламенти жана алынган сунуштарга ылайык инвентаризациялоо критерийлери бекитилсин.

2. ВЭТнын мүчөлөрүнө 2021-жылдын 30-мартына чейин бир жумалык мөөнөттө Катчылыкка (Юстиция министрлиги) “Гильотин принциби боюнча мыйзам актыларынын колдонулушун токтотуу жөнүндө” КР Мыйзам долбоору боюнча жазуу жүзүндө сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизсин.

Юстиция министрлиги ченемдик укуктук актынын алдын ала долбоорун жеткире иштеп чыксын жана мыйзам долбоорун белгиленген тартипте андан ары илгерилетүүнү камсыз кылсын.

3. Экономика жана финансы министрлиги концепцияларды, стратегияларды жана программаларды инвентаризациялоо боюнча жумушчу топту бекитсин, 2021-жылдын 25-мартына чейин бир жумалык мөөнөттө инвентаризациялоо критерийлерин иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле Катчылыкка маалымдасын.

4. 6 жумушчу топтун төрагалары үч жумуш күндүн ичинде Юстиция министрлигине топчолордун курамына киргизүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин жана көз карандысыз эксперттердин талапкерлигин берсин.

5. Жумушчу топтун жетекчилери:

- жарандык сектор, бизнес-коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн талкуу аянтчаларын түзсүн;

- эксперттик жумушчу топтун иш планын Катчылыкка үч күндүк мөөнөттө киргизсин;

- бекитилген пландын белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү деңгээлде аткарылышын камсыз кылсын.

6. Катчылык эксперттик топтордун жетекчилерине инвентаризациялоо керек болгон мыйзамдардын тизмесин өткөрүп берсин.

- Кайсы мыйзамдарды инвентаризациялоо болжолдонууда?

- Ведомстволор аралык эксперттик топтун алкагында КР конституциялык мыйзамдарын, КР кодекстерин, административдик-аймактык түзүлүш чɵйрɵсүндɵгү мыйзамдарын; КР ратификация же эл аралык келишимдерди денонсациялоо жɵнүндɵ; республикалык бюджет жана Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери жɵнүндɵ; мунапыс жɵнүндɵ; айрым мыйзам чыгаруу актыларын күчүн жоготту деп таануу жɵнүндɵ; бир жолку мүнɵздɵгү жана чектелген колдонулуу мөөнөтү болгон; чектелген жактардын же объекттердин айланасында так аныктоого эсептелген; мамлекеттик сыйлыктарды, майрамдарды белгилɵɵчү; географиялык аталыштарды ыйгаруу жɵнүндɵ; жарандык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чɵйрɵсүндɵгү КРнын жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү бɵлүгүндɵ же анын түзүмдүк элементтерин кошпогондо, бардык мыйзамдарды инвентаризациялоо болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий