• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Юстиция министринин орун басары Ош жана Баткен облустарына иш сапар менен барды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 18-20-апрелинде юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Ош жана Баткен облустарына иш сапар менен барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары иш сапардын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов менен, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев менен жолугуп, калкка укуктук жардам көрсөтүү, укуктук маданиятты көтөрүү, мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кеңейтүү максатында жаңы Акысыз юридикалык жардам борборлорун ачуу боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ош облусундагы Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунун, Баткен облусунун Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунун жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын жетекчиликтери менен да жолугушуулар өткөрүлгөн.

Ош жана Баткен юстиция башкармалыктардын жана облустарга тийиштүү райондордун юстиция органдарынын иши менен таанышып, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Андан тышкары, Оштун мэри Алмаз Мамбетов менен жолугуп, шаарда ачууга пландалган “Юстиция үйүнө” имарат бөлүп берүү боюнча сүйлөшүп, Кара-Сууда “Юстиция үйүнүн” курулушу менен да таанышты.

Ошондой эле ОшМУнун юридикалык факультетинин бүтүрүүчү студенттери менен жолугушуу болуп, студенттерге Юстиция министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берип, келечекте юстиция тармагында иштөөгө сунуштарды берип, алардын суроолоруна жооп кайтарды.

Пикир

Оставить комментарий