• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юстиция министрлиги 2021-2025-жылдарга КР укуктук саясатынын Концепциясынын долбоорун иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Юстиция министрлиги тарабынан 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын Концепциясынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жакынкы беш жылга мамлекеттин укуктук саясатын түзүү үчүн жалпыга милдеттүү багыттарды аныктоо максатында 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясатынын концепциясынын долбоору иштелип чыккан.

2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын укуктук саясат концепциясы укуктук системаны жана анын элементтерин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого максатталган жана тармактык өнүктүрүү программаларын жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу үчүн артыкчылыктуу негиздердин бири болуп эсептелет.

Концепциянын башкы максаты болуп мындай өнүктүрүүнүн багыттарын макулдашып тандоо жолу менен укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу саналат.

Концепция ченем жаратуу, укуктук агартуу маселелеринде, мамлекет жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүдѳ болгон бир катар маанилүү маселелерди сүрөттөйт.

Ошол эле учурда, Концепция учурдагы гана көйгөйлөрдү эмес, аларды чечүүнү камсыз кылуучу чараларды да сүрөттөйт.

Концепцияда каралган чаралардын аткарылышы Кыргыз Республикасында демократиялык, дин аралашпаган, социалдык, укуктук мамлекетти курууга шарт түзөт.

Концепциянын базасында мамлекеттин укуктук саясатынын ар кандай багыттары боюнча тармактык программалар иштелип чыгат жана кабыл алынат.

Концепциянын долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилет.

Концепциянын долбоорунун тексти менен көрсөтүлгөн шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот: http://koomtalkuu.gov.kg/npa-view/545.

Пикир

Оставить комментарий