• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Юстиция министрлиги 41 адвокаттык жана 10 нотариустун лицензиясын токтоткон

Коом 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Юстиция министрлиги 41 адвокаттык жана 10 нотариустун лицензиясын токтоткон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы адвокаттык ишмердик жүргүзүү үчүн 14 лицензия берилген.

"14 адвокаттын лицензиясы жандандырылды. Бул жылы адвокаттык ишмердик жүргүзүү үчүн 14 лицензия берилди. Квалификациялык сынактан 55 талапкер өтпөй калды. 16 талапкер кийинки сынакка катышуу үчүн арыз таштаган", - деди ал.

Ал белгилегендей, министрлик нотариалдык ишмердик жүргүзгүсү келгендер үчүн талаптарды күчөткөн.

"Жарым жылда 2 жеке нотариуска эскертүү берилген. Онунун лицензиясы токтотулуп, бирөө жокко чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда 79 мамлекеттик жана 367 жеке нотариус иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий