• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларды кышкы форма менен камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. Юстиция министрлиги Баткен облусундагы чек арачыларга 1 миң комплект кышкы форма берет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комплектке бекитилген технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган жылуу камуфляждык күрмѳ (бушлат) жана шым кирет.

"Бардык 1 миң комплект Баткен облусуна октябрь айынын ичинде өткөрүлүп берилмекчи. Өндүрүштү Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы даярдоодо", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий