• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юстиция министрлиги: Коомдук талкууларды эффективдүү өткөрүү максатында атайын портал түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын юстиция министрлиги баардык коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорлорун жайгаштыруу үчүн атайын портал түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министри Марат Жаманкулов кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, азыркы учурда укуктук-ченемдик актылар өкмөттүн сайтында коомдук талкууга чыгарылат, бирок алар көп учурда формалдык түрдө өтүп, эффектүүлүгү төмөн.

“Мыйзам долбоорлорун коомдук талкуулоо процесси жарандар үчүн көрүнбөй калууда. Ошондой эле бул система жарандарга кайра “байланышууга” мүмкүндүк бербейт. Жарандар талкууга чыккан документ боюнча өз ойлорун жана сунуштарын ошол эле сайтта жайгаштырып, иштеп чыгарган органдан ошол сунуш кабыл алынгандыгы тууралуу жооп ала албайт”, - дейт Жаманкулов.

Ал белгилегендей, министрликтин бюджетинде ошол порталды түзүү үчүн каражат каралган эмес. “Бирок учурда эл аралык донорлор менен кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Европалык биримдиктин мыйзамдык үстөмдүгүн бекемдөө боюнча” долбоору жана ЮСАИД кызыгуусун билдиришти. Учурда IT- адистерди чакыруу жана ошондой эле сервер менен керектүү жабдыктарды сатып алууга акча каражаттарын издөө боюнча иш жүрүүдө”, - деп билдирди ведомствонун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий