• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Юстиция министрлиги социалдык мекемеге кайрымдуулук жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 20.03.21. /кабар/. Нооруз майрамынын алдында 2021-жылдын 20-мартында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Пробация департаментинин жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам координациялоо боюнча борборунун кызматкерлери Төмөнкү Серафимовкадагы улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге барып келишти.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган социалдык мекемеге жалпы суммасы 110 миң сомго матрац, жаздык, жууркан, жемиштер түрүндө материалдык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий