• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Юстиция министрлиги Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна жардам көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. КР премьер-министри К.Бороновдун тапшырмасына ылайык, Юстиция министрлиги Урология улуттук борборуна, анын ичинде Улуттук госпиталга жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, статс-катчы У.И. Календеров башында турган КР Юстиция министрлигинин өкүлдөрү “Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү нотариалдык палатасы” КБнын өкүлдөрү менен биргеликте Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна медициналык аппараттарды (пульсоксиметрлерди, кычкылтек концентраторлорун), ошондой эле медициналык кызматкерлер үчүн респиратордук маскаларды тапшырышты.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө уюштурулган обсервациянын медициналык кызматкерлери үчүн, министрликтин кызматкерлерин финансылык колдоосу менен, санитардык түйүндөрдү оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана эки душ бөлмөлөрүн орнотууга көмөк көрсөтүлдү.

Бейтаптардын агымын, ошондой эле медициналык кызматкерлерге карата жарандардын туура эмес аракеттерин байкоого алуу максатында министрликтин аракеттери менен Урология улуттук борборунда 4 видео байкоо камерасы орнотулду.

Улуттук госпиталдын аймагында Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин арасынан кайтаруу белгиленген.

Ошондой эле. министрликтин кызматкерлери тарабынан Улуттук госпиталдын башкаруу маселелеринде укуктук колдоо көрсөтүлөт.

Ошону менен бирге, КР Юстиция министрлиги Улуттук госпиталдын иштешин чыңдоо үчүн акча каражаттарын издөөгө жардам көрсөтүүдө. Алсак, бүгүнкү күндө министрликтин көмөгү менен Улуттук госпиталдын эсебине 500,0 миң сом өлчөмүндө каражат которулган.

Юстиция министрлиги аталган багыттагы ишти уланта берээрин белгилей кетүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий