• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Юстиция министрлигинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Юстиция министрлигинде 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болуп өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты.

Өз сөзүндө ал министрликтин жамаатынын жана жеке юстиция министри Аяз Баетовдун ырааттуу жана натыйжалуу ишине басым жасап айтып кетти. 2021-жылы мыйзамдарды инвентаризациялоо, адвокатура жана нотариат бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар үчүн юстиция кызматкерлерине ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ал коомчулук менен байланыш ишин күчөтүү, калктын, анын ичинде социалдык тармактардагы укуктук маалыматтардын суроо-талаптарына ыкчам жана сапаттуу жооп берүү абдан маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле коллегиянын отурумуна КР УИАнын саясий изилдөөлөр жана экспертизалар борборунун директору, КР УИАнын академиги, Россия юридикалык илимдер академиясынын академиги, КР эмгек сиңирген юристи Чолпон Арабаев, КР президентинин администрациясынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы - Адилет Жанузаков, КР өкмөтүнүн аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификациялоо секторунун башчысы - Талант Бекташев, ошондой эле ведомствонун жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетектөөчү курамы жана Юстиция министрлигинин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Күн тартиби боюнча төмөнкү маалыматтар угулду:

- Юстиция министрлигинин 2021-жылдагы иши жөнүндө отчет;
- Президенттин Жарлыктарын аткаруу.

Мындан тышкары министрликтин жамаатына Пробация департаментинин директору Казаков Кубан Каленович тааныштырылды.

Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан министрликтин жана анын бөлүмдөрүнүн ишин күчөтүү боюнча чаралар талкууланып, коюлган милдеттерди аткаруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий