• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Юстиция министрлигинде Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык, 110 суроодон турган компьютердик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет.

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет.

Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Пикир

Оставить комментарий