• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Юстиция министрлигинде дезинфекциялык иштер өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Юстиция министрлигинде дезинфекциялык иштер өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын (COVID-19) таралышын алдын алуу жана профилактика максатында КР Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын бардык кабинеттеринде, архивдеринде, кампаларында жана чектеш аймактарында кезектеги дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мурда, дезинфекция КР Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында эки ирет жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий