• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Юстиция министрлигинде "Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси" темасында иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Юстиция министрлигинде мамлекеттик тил күнүн белгилөө боюнча иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада министрликтин кызматкерлери “Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси” темасында баяндамаларды окушту.

Кыргыз тили - эзелтеден бери кыргыз элинин дүйнө таануу, тиричилик, рухий - жаратмандык тажрыйбасын камтыган баа жеткис улуу мурасы.

Кыргыз тили кылымдар бою оозеки гана сүйлөнүп, XIX кылымдан баштап жазма түрүндө колдонула баштады. Совет доорунда кыргыз тили улуттук тил болуп келсе, ал эми 1989-жылдын 23-сентябрынан баштап Мамлекеттик тил стасун алды. Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышы – зор тарыхый маанигэ ээ болуп, мамлекетибиздин ишенимдүү жана чечкиндүү кадамына шарт түздү.

"Ар бир улуттун улуттук маанисин белгилеген бул - эне тили. Бекеринен эне-тили деп айтылбаса керек, себеби эне тили касиеттүү эне сүтү менен кошо келет. Мына ушул кылым кезип, урпактардан урпактарга уучталып келе жаткан эне тилибиздин баалай билели, туура сүйлөп, туура жаза билели жана кийинки муундарга үрп-адат, салт-сабатыбыз менен өткөрүп берелишине ар бирибиз көмөктөшөлү. Мамлекеттик тилибиздин келечеги кен, зоболосу бийик, касиети улук болсун. Тил майрамыбыз жалпыбызга куттуу болсун", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий