• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Юстиция министрлигинде кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Юстиция министрлигинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда отурум өтүп, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумдун алкагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик органдар тарабынан негизги көйгөйлөр талданды. Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктерининин объектерин белгилөө тутумунун Мамлекеттик классификаторунун (СОАТЕ) коддорун, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук кайра каттоо жана иш-аракетин токтотууну каттоо” МТнын II этабын колдонууга байланыштуу, ошондой эле “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу ишканалардын жана уюмдардын идентификациялык салык номерин (ИСН) жана жалпы республикалык классификаторунун кодун (ЖРКК) ыйгаруу бөлүгүндө маалымкаттарды автоматташтыруу маселелери талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектерин белгилөө тутумунун Мамлекеттик классификаторунун коду боюнча өз ара аракеттенүү пунктун “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук кайра каттоо жана иш-аракетин токтотууну каттоо” МТнын II этабынын техникалык тапшырмасына киргизүү чечими кабыл алынган.

"Юстиция министрлиги жана “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну иштеп чыгуу жана кол коюу тууралуу келишим жетишилди. Ошону менен бирге “Укук” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү тарабынан ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун ыйгаруунун тесттик режими көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий