• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Юстиция министрлигинде Укуктук агартуу борборунун алдындагы Медиаборбор ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. КР Юстиция министрлигинде Укуктук агартуу борбору алдындагы Медиа борбор ишин баштады, - деп билдирет ведомствонун басмасөз кызматы.

Расмий иш-чарага юстиция министри Аяз Баетов, орун басары Орозбек Сыдыков жана АКШнын Кыргызстандагы Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин жаңы шайланган директору Кай Адамс айым, “Жигердүү жарандар” долбоорунун жетекчиси Наталья Пипия, “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фрэд Хьюстон катышты.

USAID өзүнүн "Укук булагы" долбоорунун алкагында министрликте жаңы түзүлгөн бөлүмдөргө: Юстиция министрлигинин Укуктук Агартуу Борборуна жана Ченем жаратуу жана укук үстөмдүгү институтуна укуктук сабаттуулукту жогорулатууда, мыйзамдарды иштеп чыгууда жана өркүндөтүүдө өз функцияларын аткарууга жардам берүүчү техникалык жабдууларды тапшырды.

Ушул жылдын башында "Укук булагы" USAID долбоору Министрлик менен адамга багытталган сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейттүү жөнүндө кызматташуу Меморандумга кол койгон. Юстиция министрлигинин USAID долбоору менен кызматташуусу калктын аярлуу топторуна жана алыскы райондорго көңүл буруу менен жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын андан ары өнүктүрүүгө багытталган. Буга укуктук кызматтарды жакшыртуу максатында, калктын укуктук муктаждыктарын изилдөө, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча кеңири масштабдагы кампанияларды жүргүзүү жана муктаж болгон жарандарга укуктук жардам көрсөтүүнү кеңейтүү кирет.

USAID миссиясынын директору Кайя Адамс өз сөзүндө USAID Юстиция министрлиги менен өнөктөштүгү бардык адамдар үчүн жеткиликтүү, мазмундуу жана адилеттүү сот адилеттигин жайылтууга багытталгандыгын баса белгиледи. "Кызмат калыс көрсөтүлгөндө, кызматкерлер элди укканда, сот адилеттигинин сапаты жогорулайт дегенге кошулабыз", – деди Адамс.

Юстиция министри Аяз Баетов берилген колдоосуна ыраазычылык билдирди. "Укуктук агартуу борбору Министрликтин өзүнчө түзүмдүк бөлүмү катары түзүлгөн. Анын астында Медиаборбор дагы ишин баштады жана жакында акысыз укуктук жардамдын ишеним телефону ишке киргизилет. Борбор бүткүл республика боюнча юстиция органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын зор потенциалын, ошондой эле коомчулук менен байланыш каналдарынын бардык түрлөрүн пайдалануу менен калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө багытталган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий