• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юстиция министрлигинде Улуттук госпиталдын медиктерин сыйлоо аземи болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 21-сентябрында юстиция министри М. Жаманкулов Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын дарыгерлерин жана медициналык кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр COVID-19 пандемия мезгилинде иштеген Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкерлеринин түйшүктүү жана ак эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын катышуучуларына чың ден оолук жана иштерине ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын премьер-министри К. Бороновдун тапшырмасына ылайык, юстиция министри М. Жаманкулов Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна куратор болуп бекитилген.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин демилгеси боюнча жана “Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү нотариалдык палатасы” Коомдук бирикмесинин, “Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы” Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жеке жана мамлекеттик нотариустар, министрликтин аймактык, ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталга жеке коргонуу каражаттар түрүндөгү КН-95 медициналык беткаптарын, дары-дармектерди, пульсоксиметрлерди, кычкылтек концентраторлорун жана акча каражаттарын тапшырышты.

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө уюштурулган обсервациянын медициналык кызматкерлери үчүн, министрликтин кызматкерлерин финансылык колдоосу менен, санитардык түйүндөрдү оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана эки душ бөлмөсүн орнотууга көмөк көрсөтүлгөн.

Бейтаптардын агымын, ошондой эле медициналык кызматкерлерге карата жарандардын укук ченемсиз аракеттерин байкоого алуу максатында Урология улуттук борборунда 4 видео байкоо камерасы орнотулду.

Ошону менен бирге, юстиция министри тарабынан Улуттук госпиталдын муктаждыктары үчүн 500 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк акча каражаттары тартылган.

Пикир

Оставить комментарий