• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Юстиция министрлигинде ведомстволук ротация болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, юстиция министринин буйругу менен Жарасул кызы Салтанат Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Мурда ал Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеп турган.

Ал эми Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын жетекчиси кызматына мурда Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгын жетектеген Кубан Казаков Кубан дайындалды.

"Кадрдык алмашуулар кызматкерлердин кадрдык дараметин сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле Юстиция министрлигинин тутумундагы иштин эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максатында өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий