• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Юстиция министрлигине видеоконференц системасынын жабдуусу берилди

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Юстиция министрлигинде видеоконференция байланыш жүргүзүү үчүн жабдууларды өткөрүп берүү аземи болду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жабдуулар Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коому тарабынан 2 миллион сомго жакын суммада берилди.

Жабдуулар аркылуу кеңешмелерди, презентацияларды видеоконференц байланыш режиминде өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий