• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги социалдык стационардык мекемесине барышты

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Жаңы жылды утурлай Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын социалдык стационардык мекемесине барышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрликтин кызматкерлери БССУнун тургундарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды тапшырышты.

Бул иш-чара Юстиция министрлигинде жарыяланган улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо айлыгына карата өткөрүлдү.

Декабрь айынын ичинде юстициянын аймактык башкармалыктары жана ведомстволук бөлүмдөрү да аймактардагы ушул сыяктуу мекемелерде жашаган адамдарга жардам көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий