• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Юстиция тутумунун жана маморгандардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнүн потенциалы жогорулатылат

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 3-февралынан тартып 5-февралына чейин Юстиция министрлиги тарабынан ченем жаратуу боюнча Кышкы мектеби өткөрүлүүдө.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чаранын негизги максаты болуп юстиция тутумунун кызматкерлеринин жана мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрүнүн эксперттик потенциалын жогорулатуу, алар иштеп чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатын жакшыртуу саналат.

Кышкы мектептин алкагында ченем жаратуу техникасы, ченемдик укуктук жөнгө салуу принциптери, ЧУА долбоорлорун илгерилетүү этаптары, ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталынын ишине мониторинг жүргүзүү маселелери каралууда.

Мында мыйзамдарды бюрократташтыруу жана күчүн жоготту деп табууга сунушталган ченемдик укуктук актылардын тизмесин талдоо боюнча практикалык иштерди жүргүзүү пландаштырылган.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү, Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту ошондой эле Юстиция министрлигинин кызматкерлери катышууда.

Окутуу Европа союзу тарабынан каржыланып жаткан Фаза 2 – Укуктун үстөмдүгү программасынын колдоосунда өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий