• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ювентус" Инстаграмдагы катталуучулардын саны боюнча 3-орунга чыкты. Сап башында "Реал" менен "Барселона" турат

Спорт 0

Бишкек, 29.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Инстаграм социалдык баракчасындагы катталуучуларынын саны боюнча туриндик "Ювентус" англиялык "Манчестер Юнайтед" клубун артта калтырды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

2018-жылдын июль айында туриндиктерде 10 миллион катталуучу болсо, бир жыл ичинде алар 31,1 миллионго жеткен. Муну менен "Ювентус" катталуучулары 31 милллионго жеткен "Манчестер Юнайтедден" ашып өтүшкөн.

Катталуучулардын санынын көбөйүшүнө Криштиану Роналдунун "Ювентуска" келиши себеп болгон. Роналдунун өзүнүн жеке баракчасында 181 миллион катталуучу бар.

Белгилей кетсек, азыркы учурда эң белгилүү футболдук клуб болуп "Реал" жана "Барселона" командалары эсептелинет. Мадриддик клубдун Инстаграмындагы катталуучулары 76,6 миллион болсо, "Барселонада" 76,1 миллион катталуучу бар.

Пикир

Оставить комментарий