• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Ювентус" – "Интер" жана дагы 4 беттеш коронавирустан улам күйөрмандарсыз өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатындагы "Ювентус" – "Интер" жана дагы 4 беттеш коронавирустан улам күйөрмандарсыз өтөт. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, Италиянын А сериясынын жетекчилиги чемпионаттын 26-турундагы "Ювентус" менен "Интер", "Удинезе" менен "Фиорентина", "Милан" менен "Женоа", "Парма" менен "СПАЛ" жана "Сассуоло" менен "Брешия" командаларынын оюндары күйөрмандарсыз өтө турганын ырастады.

Мындай чечим Италияда тараган коронавирустан улам кабыл алынган.

Буга чейин Европа лигасынын 1/16 финалынын "Интер" менен "Лудогорец" командаларынын жооптук беттеши күйөрмандарсыз өтөөрү белгилүү болгон.

Ошондой эле бир катар футболдук беттештер жылдырылган.

Эскерте кетсек, эпидемиологиялык абал туруктуу эмес болгон Түштүк Корея, Япония, Иран, Кытай өлкөлөрүнүн катарына Италия да кирген.

Пикир

Оставить комментарий