• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ювентус" клубу Маттейс де Лигт үчүн 75 млн евро берет

Спорт 0

Бишкек, 16.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Аякс" клубунун капитаны Маттейс де Лигт туриндик "Ювентуска" өтөт. Бул тууралуу Sky Sport Italy билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

"Аякс" клубу 19 жаштагы футболчу үчүн 75 миллион евро алат.

Маалыматка ылайык, "Аякстын" оюнчусу менен сүйлөшүүлөр буга чейин да болуп келген. Оюнчунун расмий трансфери ушул жумада болору айтылууда – болгону футболчу медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.

Италиялык басылмалардын билдирүүсүндө, де Лигт жаңы командада 4-номер менен ойномокчу.

Өткөн сезондо 19 жаштагы коргоочу 55 оюнда 7 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий