• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ювентус” клубу оюн учурунда стадиондон чыгып кеткен Роналдуга айып пул салбай тургандыгын билдирди

Спорт 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Италиялык "Ювентус" клубунун оюнчулары "Милан" клубу менен болгон оюнда Криштиану Роналдунун жүрүм-турумуна нааразы экендигин La Gazzetta dello Sport басылмасына шилтеме берүү менен Sports.ru жазат.

Португалиялык оюнчу Ювентус – Милан оюндун 54-мүнөтүндө Пауло Дибала менен алмашкандан кийин беттеш аяктаганга чейин стадиондон чыгып кетип калган.

"Ювентус" клубу Роналдуга анын көрсөткөн жүрүм-турумуна айып салбайт. Бирок, клубдун спорттук директору Фабио Паратичи португалиялык оюнчунун агенти Жорже Мендеш менен байланышып, Мендеш Роналду менен анын жүрүм-туруму туурасында сүйлөшүүсү керектигин айткан.

"Ошондой эле италиялык клубдун футболчулары Роналдунун кечирим суроосун күтүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий