• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ювентус" клубу Роналду менен түзүлгөн келишимди узартууну көздөөдө

Дүйнө 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. "Ювентус" клубу португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду менен түзүлгөн келишимди узартууну көздөөдө. Бул тууралуу Football Italia басылмасына шилтеме берүү менен Чемпионат жазат.

Ага ылайык, италиялык клуб келишимди 2024-жылдын жай айына чейин түзүүнү каалап жатат. Эгер жаңы келишим түзүлүп калса, анда Роналду "Ювентустун" катарында 39 жашка чейин ойноп калат.

Азырынча аталган клуб португалиялык оюнчуга кандай талаптарды коеру белгисиз. Учурда Роналду жылына 31 млн евро алат.

Белгилей кетсек, Роналду "Ювентус" клубуна 2018-жылы 117 млн еврого өткөн. Быйылкы сезондо футболчу 22 оюнда 21 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий