• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Ювентус" клубу "Удинезени" жеңип, Италиянын кубогунун чейрек финалына өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда футбол боюнча Италиянын кубогунун 1/8 финалында "Ювентус" менен "Удинезе" командалары оюн өткөрдү.

"Альянц Ювентус" стадионунда өткөн беттеш 4:0 эсебинде "Ювентустун" пайдасына чечилди.

Беттеште Пауло Дибала (2 гол), Гонсало Игуаин жана Дуглас Коста каршылашына гол киргизди.

"Ювентус" Италиянын кубогунун чейрек финалында "Рома" менен "Парма" командаларынын жеңүүчүсү менен беттешет. Чейрек финалда "Наполи" менен "Лацио", "Милан" менен "Торино", "Интер" менен "Фиорентина" командалары оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий