• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ювентус" Лука Модричти сатып алууга кызыкдар

Спорт 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Италиялык "Ювентус" мадриддик "Реал" футбол клубунун жарым коргоочусу Лука Модричти сатып алууга кызыкдар.

"Goal" порталынын маалыматы боюнча, "Ювентус" 33 жаштагы Хорватиялык футболчуга үч жылдык келишим сунуштоого даяр экенин, аны дагы бир жылга узартууга болорун белгилеп жазып чыкты.

Эске салсак, 2018-жылы миландык "Интер" Модричти сатып алууга кызыгуусы бар деп кабарланган.

Модричтин "Реал" менен болгон келишими 2020-жылдын жайына чейин каралган.

Transfermarkt маалыматы боюнча, азыркы учурда Модричтин трансфердик баасы 25 млн еврого бааланган.

Пикир

Оставить комментарий