• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

"Ювентус" менен "Интер" командаларынын жылдырылган оюну 9-мартта өтүшү күтүлүүдө

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Футбол боюнча Италиянын чемпионатынын 26-турундагы "Ювентус" менен "Интер" командаларынын оюну 9-мартта өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Football Italia басылмасы билдиргенин Р-спорт жазат.

Буга чейин корнавирустун айынан эки команданын оюну 13-майга жылдырылганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Италиянын Футбол федерациясы А сериясы менен биргеликте келишим түзгөн.

Ошондой эле жылдырылган оюндардын ичинен "Сампдория" - "Верона" беттеши 7-мартта, "Удинезе" - "Фиорентина" 8-мартта, "Милан" - "Женоа", "Парма" – СПАЛ" жана "Сассуоло" - "Брешиа" 9-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий