• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Ювентус" Пауло Дибаланын голу аркылуу "Атлетикону" жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда Чемпиондор лигасынын 5-турунун алкагында италиялык "Ювентус" клубу испаниялык "Атлетико" командасын өз талаасында кабыл алды.

Италияда өткөн оюнда "Ювентус" каршылашын 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун биринчи бөлүгү аяктаар алдында, 47-мүнөтүндө (кошулуп берилген убакыт) айып соккусу белгиленди. Аны Пауло Дибала тээп, гол киргизгенге жетишти.

Дибаланын голу италиялык командага 3 упай алып келди. D тайпасында орун алган "Ювентус" башка командалардан озуп чыкты. Ал эми "Атлетико" 7 упайы менен тайпада экинчи орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, 26-ноябрга жана 27-ноябрга караган түндө бир катар оюндар болуп өттү. Алар "Локомотив" менен "Байер" (0:2), "Галатасарай" менен "Брюгге" (1:1), "Тотенхэм" менен "Олимпиакос" (4:2), "Манчестер сити" менен "Шахтер Донецк" (1:1), "Реал" менен "ПСЖ" (2:2), "Црвена Звезда" менен "Бавария" (0:6), "Аталанта" менен "Динамо Загреб" (2:0).

Пикир

Оставить комментарий