• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөт

Спорт 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчиликтен билдиришкендей, 12-август күнү Бурса провинциясынын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2021-жылы өткөрүү боюнча Түркиянын Жаштар жана спорт дирекциясы менен Салттуу спорт федерациясынын ортосунда уюштуруучулук маселелер боюнча протоколго кол коюлган.

Документке кол коюу иш-чарасына Түркиянын спорт жана жаштар министри М.Касапоглу, маданият жана туризм министринин орун басары С.Чам, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Б.Эрдоган, Бурса провинциясынын губернатору Я.Жанболат жана Бурса шаарынын мэри А.Акташ катышкан.

"Иш-чарада түрк тарап оюндардын негиздөөчү өлкөсү катары Кыргыз Республикасынын орду, оюндардын дүйнөлүк деңгээлде таанылышына кошкон салымын белгиледи", - деп билдирет элчилик.

Элчиликтен билдиришкендей, түрк тарап оюндарды өткөрүүгө көрүлгөн даярдыктар тууралуу айтып берип, Кыргызстан баштап берген салттар сакталарын белгилешкен.

Оюндар Изник шаарында - шаарды алууда катышкан кыргыздардын элесине арналган мемориал жайгашкан шаарда болуп өтөт. Тагыраагы оюндар Изник көлүнүн жээгинде болуп өтөт.

Эскерте кетсек, 2018-жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөндөн кийин эстафета Түркияга өткөрүлүп берилген. Оюндар быйыл болуп өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий