• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктады. Кыргызстандын куржунунда 58 медаль топтолду

Спорт 0

Бишкек, 03.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин “Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!” деген ураан алдында өттү.

Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Ал эми Кыргызстандын атынан 148 спортчу 11 спорттун түрүнөн күчүн сынады: көк бөрү, алыш бел боо күрөшү, татар күрөш, аба күрөшү (ашыртмалы, капышмалы), пахлавани, казак күрөшү, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу.

Көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирген.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 58 медаль (16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло медаль) багындырышты.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Казакстандын улакчыларын 5:0 эсебинде утуп, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болду. Ал эми көк пар боюнча мелдештин финалында казакстандык улакчылар биринчи орунга, Кыргызстан экинчи орунга татыды.

Таяк тартыш боюнча (6 медаль: 3 алтын, 1 күмүш, 2 коло):

1-орун – Азамат Асанов, 70 кг;

1-орун – Келдибек Атайбек уулу, 110 кг;

1-орун – Дилбара Иманканова, 75 кг;

2-орун – Назия Майлибашева, 75 кг;

3-орун – Бакдөөлөт Абылов;

3-орун – Улукбек Ырыспаев.

Салттуу жаа атуу боюнча (3 медаль: 1 алтын, 2 коло):

1-орун – Ынтымак Мурадил уулу, Шарабидин Сапаралиев, Бакыт Токтоматов (эркектер арасында командалык жарышта);

3-орун – Асел Садырова, Назгүл Шапиева, Седеп Төрөгелдиева (кыздар арасында командалык жарышта);

3-орун – Асел Садырова.

Алыш бел боо күрөшүнүн классикалык түрү боюнча (9 медаль: 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло):

1-орун – Роман Сапаров, 60 кг;

1-орун – Эсенбек Кудайбердиев, 80 кг;

1-орун – Ойбек Камулов, 90 кг;

1-орун – Нагира Сарбагышева, 75 кг;

2-орун – Самара Абдумалик кызы, 55 кг;

2-орун – Элза Абдыкадырова, 60 кг;

3-орун – Орозбек Аширов, 100 кг;

3-орун – Муктарбек Калыбек уулу, 100 кг жогорку;

3-орун – Адина Нурматова, 75 кг.

Алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча (10 медаль: 5 алтын, 2 күмүш, 3 коло):

1-орун – Элзада Момунжанова, 55 кг;

1-орун – Нурзада Мыктыбек кызы, 65 кг;

1-орун – Нурзат Бактыяр кызы, 70 кг;

1-орун – Нагира Сарбашева, 75 кг;

1-орун – Калысбек Каимов, 60 кг;

2-орун – Азизхан Мусабек уулу, 80 кг;

2-орун – Кадыр Келсинбеков, 100 кг жогору;

3-орун – Касымбек Анарбаев, 70 кг;

3-орун – Нурсултан Бочонов, 90 кг;

3-орун – Исламбек Алик уулу, 100 кг.

Капышмалы аба күрөшү боюнча (4 медаль: 1 алтын, 1 күмүш, 2 коло):

1-орун – Манас Үсөнов, 75 кг;

2-орун – Орозбек Алмазбеков, 90 кг;

3-орун – Урмат Нарынбеков;

3-орун – Азим Эсенбек уулу.

Шалвар күрөш боюнча (3 медаль: 1 күмүш, 2 коло):

2-орун – Амантур Камчыбеков, 70 кг;

3-орун – Ислам Орозбеков, 75 кг;

3-орун – Бекжан Жамбылов, 80 кг.

Казак күрөшү боюнча (3 коло медаль):

3-орун – Бекболот Токтогонов, 100 кг жогору;

3-орун – Бегай Бейшанаалы кызы, 55 кг;

3-орун – Сабрина Жээнбек кызы, 65 кг.

Тизмеден сырткары Кыргызстандын куржунунда дагы 18 медаль бар.

Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий