• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса аймагынын Изник шаарында өтөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө оюндардын өткөрүү күнү белгилене элек.

"Азырынча Түркия тарап IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күнүн жана өткөрүү форматын айта элек. Ал эми Кыргызстандын маданий программасы жана спортчулар оюндарга барууга даяр", - дейт министр.

Жаманкулов белгилегендей, Бурса аймагы Кыргызстан үчүн өзгөчө маанидеги жер.

Белгилей кетсек, кыргыз жоокерлери Никея (Изник) византиясын ээлик кылуу үчүн Орхи Гази султанга жардам берген. Ал жерге кыргыз жоокерлерине арнап эстелик тургузулган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга расмий визит менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган келгенде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтөөрү белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий