• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кыргыз спортунун 7 түрү кирет

Спорт 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Быйыл Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына Кыргызстандан улуттук спорттун 7 түрү киргизилет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, алар менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосунда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аталган меморандумга ылайык, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо (бул оюндар Кыргыз Республикасынын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт), тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү (эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт) киргизилген. Ошондой эле программага көчмөндөрдүн улуу күрөшү да киргизилип, ал кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий