• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Йылдырым: Түркия Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө дайым даяр

Саясат 0

Бишкек, 06.12.18. / Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Түркия Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө дайым даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушуудан чыккан Түркиянын парламентинин спикери Бинали Йылдырым билдирди.

Йылдырым Жумабековго жылуу маанайда тосуп алганына ыраазычылык билдирип, эки өлкө жакын, боордош экенин айтып өттү.

"Сиздерге жылуу тосуп алганыңыздарга ыраазычылык билдирем. 81 млн түрк элинин атынан салам айтам. Эки мамлекеттин алдыда ашыра турган иштери көп. Биздин максаттарыбыз, келечегибиз бир. Биз маданияты, тили, дили бир мамлекеттерденбиз. Түркия Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө дайым даяр", - деди ал.

Белгилей кетсек, жолугушууда төрагалар соода, экономика, маданият чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашкан. Ошодой эле Түркияга айыл-чарба продукцияларын сатуу боюнча сөз болгон. Учурда эки өлкөнүн соода-сатык алмашуусунун көлөмү 300 млн. доллар болсо, эки тарап аны 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөшүүдө.

7-декабрда расмий делегация "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналып салынган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшат.

Пикир

Оставить комментарий