• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Издөө! 16 жашар Эдуард кызы Бегайым дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Эдуард кызы Бегайымды издөөдө.

Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бегайым 2019-жылдын 24-январында болжол менен саат 13:00дө Кырман жаңы конушундагы үйүнөн Бишкек шаарындагы мектепке чыгып кеткен боюнча кайып келген эмес. Маалым болгондой, жоголгон кыз буга чейин да үйүнөн качып кеткен.

Белгилери: бою 165-168 см, орточо дене түзүлүштөгү, көзү күрөң, чачы кара, кыска.

Кийимдери: кызыл түстөгү күрмө, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

"Эдуард кызы Бегайымдын кайда экенин билгендер болсо, Аламүдүн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 кызматына", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий