• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Издөө! 18 жаштагы Курбангүл дайынсыз жоголду

Коом 0

Бишкек, 19.10.20 /Кабар/. Аламүдүн райондук ИИБи тарабынан дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мамажанова Курбангүл Ырысбековна изделүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 9-октябрда Аламүдүн айылынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-162 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен ылдый, күрөң, кой көз.

Кийимдери: күрөң түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү чыптама, ак түстөгү спорттук бут кийим.

«Курбангүлдүн кайда экенин билгендер болсо Аламүдүн райондук милициясына же төмөнкү номерлерге 0(999) 21-07-09, 0(550) 34-33-63, 0(778) 00-09-99, 0(312) 36-35-23 же “102ге” кайрылып коюуңуздарды өтүнөбүз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий