• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Издөө! 21 жаштагы Айтурган дайынсыз жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарында жашаган 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Айтурган 2020-жылдын 5-июль күнү болжол менен саат 20:00дө үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.

Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.

“Өмүрбекованын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билсеңиздер, анда төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздарды суранабыз: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266261”, - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий