• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Издөө! Бишкекте 13 жаштагы дагы бир кыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 2005-жылкы Эмил кызы Айназикти издейт.

ИИББдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Айназик ушул жылдын 12-июлунда үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 165 см, арык дене түзүлүштөгү, чачы кара, ийинине чейин, көзү кара, сол жак капталында операциядан кийин калган тырыгы бар.

Кийими: күрөң түстөгү футболка жана шым.

“Урматтуу калаа тургундары! Эмил кызы Айназиктин кайда экенин билгендер болсо, Свердлов райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 43-32-75, (0772) 05-20-00, (0556) 85-58-12, (0702) 22-85-05”, -деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий