• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Издөө! Бишкекте 35 жаштагы киши дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Бишкектин Октябрь райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 1984-жылкы Садыков Эдилбек Сулаймановичти издөөдө. Ал 2019-жылдын 15-январында “Көк-Жар” жаңы конушундагы үйүнөн жумушка деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилери: бою 170 см, чачы кыска, кара, көзү күрөң, орточо дене түзүлүштөгү.

Кийимдери: кара түстөгү күрмө, кара түстөгү жинсы шым.

Өзгөчө белгилери жок.

Эдилбек Садыковдун кайда экенин билгендер болсо, Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0312) 54-41-16, (0312) 54-41-84, (0550) 102-853, (0555) 01-17-17 же «102» кызматына.

Пикир

Оставить комментарий