• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Издөө! Бишкекте эже-сиңди дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бишкекте 25-июнда 12 жаштагы Полина жана 14 жаштагы Раиса Пистерлер дайынсыз жоголгон.

"Кабар" агенттигине шаардык милициядан кабарлашкандай, жоголгон кыздардын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Учурда активдүү түрдө издөө иштери жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий