• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Издөөдө жүргөн “Хизб-ут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү кармалды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылы 25-мартта ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чарасын жүргүзүүдө 2016-жылы декабрь айынан тарта издөөдө жүргөн “Хизб-ут-Тахрирдин” активдүү мүчөсү Нарын облусунун тургуну 25 жаштагы С.А. кармалды.

2016-жылы 20-ноябрда 1-Май райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 299-1-беренеси (улуттук (этникалар аралык), диний же аймактар аралык касташууну козутууга багытталган уюшкан ишмердүүлүк) боюнча кылмыш иши козголгон.

10-башкы башкармалыктын кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ошол эле күнү изделип жаткандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешелүү экстремисттик адабияттарды табышкан.

Алынган адабияттар далил буюм катары тергөө органдарына өткөрүлүп берилип, зарыл соттук-теологиялык экспертиза дайындалган.

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалды.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий