• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңгизат табылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Аламүдүндө издөөдө жүргөн жаран кармалып, жанынан баңгизат табылган. Бул тууралууЧүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБи тарабынан 42-жаштагы И.К. аттуу жаран издөөдө жүргөн. Ал 2019-жылы КР Жазык кодексининин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолуп, ага карата 2 жылга пробациялык көзөмөл колдонулган. Жогорудагы жаран пробациялык көзөмөлдүн талаптарын бузгандыктан, ага карата издөө жарыяланган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы жарандын жүргөн жери аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аны текшерүү учурунда кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү баңги затына окшош зат табылып, жалпы салмагы 11 граммды түзгөн. Алынган затка экспертиза дайындалган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 123-беренеси (Сатуу максатысыз анча көп эмес өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий