• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Издөө! Ошто 2 өспүрүм кыз дайынсыз жоголду

Аймак 0

Ош, 15.08.18. /Кабар/. Ош шаарында эки дос өспүрүм кыздар изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын ИИБнен кабарлашты.

Ош шаарынын Учар айылынын тургуну Гулбара Абдибаитова жана досу Кара-Суу районунун Садырбай айылынын жашоочусу Роза Бапыева изделүүдө. Экөө тең 2004-жылы туулган.

Алар 10-августта болжол менен саат 10:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. Акыркы жолу өспүрүм кыздарды “Ак-Буура” эс алуу аймагында көрүшкөн.

Өзгөчө белгилери:

- Роза Бапыева — кара түстөгү футболка жана көк шым кийип жүргөн.

- Гулбара Абдибаитова — бою 150-160 см, үстүндө жана бутунда кызыл түстөгү кийим болгон.

Милиция коомчулуктан өспүрүм кыздарды табууда жардам сурайт. Алар тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0550-50-60-00, 0777-77-06-32

Пикир

Оставить комментарий