• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Издөө салабыз! Орозалы Ахмедов дайынсыз жоголду

Аймак 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылынын тургуну 57 жаштагы Ахмедов Орозалы Абдыкахарович өзү жашаган үйүнөн 2020-жылдын 7-октябрь күнү саат 20:00 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Учурда Ахмедов Орозалы Абдыкахаровичдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү кара тору, чачы кыска ак чач аралашкан, маңдайкы үстүңкү тиштери түшүп калган.

Кийген кийимдери: Көгүш түстөгү спорттук кийим, көгүш түстөгү джинсы шым, кара түстөгү кроссовки.

“Дайынсыз болуп жаткан Ахмедов Орозалы Абдыкахарович тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Тел.: (03734) 5-05-44, 0772 10 10 49, 0551 75 00 91, 0709 42 65 28”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий