• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Издөө! Сузакта 15 жашар кыз 9 күндөн бери дайынсыз болууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сузак айылынын тургуну 2005-жылы туулган Нурмаматова Саодатхон Фарходжоновна изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 4-февралында болжол менен саат 11.00дө үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 170-175 см, ак жуумал, чачы кара, сол көзүнүн астында калы бар.

Кийимдери: кара түстөгү узун куртка, кара түстөгү кышкы бут кийим, күрөң түстөгү жашыл сызыгы бар сумка.

Саодатхон Нурмаматованын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (03748) 5-02-09, 0552 56 92 56, 0770 25 11 26.

Пикир

Оставить комментарий