• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Издөө! Жалал-Абадда 15 жана 16 жаштагы эже-сиңди дайынсыз жоголду. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жалал-Абадда 10 күндөн бери дайынсыз жоголгон эже-сиңди изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун Аук айылынын тургундары 2004-жылы туулган Сабырбекова Нурзада Нуралиевна жана 2005-жылы туулган Сабырбекова Нурзия Нуралиевна 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыккан бойдон дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.

Учурда Нурзада жана Нурзиянын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууда коомчулуктан жардам сурайт.

Нурзада Сабырбекованын өзгөчө белгилери: Бою 140-145 см, өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара, узун.

Кийген кийими: Кызыл түстөгү көйнөк.

Нурзия Сабырбекованын өзгөчө белгилери: Бою 160-165 см, өңү сары, кашы-көзү сары, чачы сары, кыска.

Кийген кийими: Көк түстөгү көйнөк.

"Нурзада менен Нурзиянын кайда экенин билгендер болсо, анда төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (03734) 5-05-44, 0553 78 00 78, 0500 14 00 06, 0770 14 00 06", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий