• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Изилдөө: Кечкисин тамактануу жүрөк оорусуна алып келет

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Адамдын организми кечки тамакты сиңире албайт. Андыктан аял кишинин кечки тамактануусу жүрөк оорусуна алып келүүсү мүмкүн. Мындай чечимге америкалык кардиолог Эвелина Грейвер келгенин MedicalXpress сайты жазып чыкты.

"Биздин организм кечкисин тамакты жакшы сиңире албайт, аны менен бирге биз бул маалда аз кыймылдайбыз. Ошондуктан калория түрүндөгү энергияны коротпойбуз", - дейт Грейвер.

Буга чейин Нью-Йорктогу Колумбия университетинде 112 аял киши катышкан изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө катышкан аялдардын орточо курагы 33 жаш болгон. Катышуучулар изилдөөгө чейин, изилдөө учурунда жана 12 айдан кийинки жумадагы тамактануусу менен бөлүшүшкөн.

Изилдөөгө катышкан аялдардын көбү кечки алтыдан кийин тамактанышкан. Күн сайын кечкисин тамактангандарда жүрөк ооруларынын алгачкы белгилери байкалган, эң жаманы аларда кан басымы жогору болгон, кандагы канттын өлчөмү начарлаган жана денеде майдын өлчөмү көбөйгөнү байкалган.

Изилдөө көрсөткөндөй кечки алтыдан кийин ашыкча 1 пайыз калорий колдонгонуна жараша жүрөк согушу начарлаган.

Пикир

Оставить комментарий