• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Измирдеги өрттөн жабыркаган кыргыз кызынын абалы оор бойдон калууда

Коом 0

Бишкек, 12.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Измир шаарындагы чыккан өрттөн жабыркаган кыргыз кызынын абалы оор бойдон калуу. Бул тууралуу КР ТИМнен кабарлашты.

Консулдук кызмат кыздын Кыргызстандагы туугандары менен байланышта болуп турат. Алдын ала маалыматка ылайык, Түркияга жабыркаган кыздын эжеси барууга камданып жатат.

Эске сала кетсек, өрт Измирдеги “Алижан” мейманканасында чыккан. КР ТИМдин маалыматы боюнча, өрттөн 4 адам жабыркаган, анын бирөө Кыргызстандын “М.Ж.кызы” аттуу жараны.

Пикир

Оставить комментарий